Бүгүн, 10-сентябрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун үчүнчү турдук оюндарынын алкагында Өзбекстан курама командасына каршы ойнойт.
Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө жаңырат.
Эскерте кетсек, Дүйнө чемпиондугуна тандоонун үчүнчү турунда 18 команда алты командадан үч тайпага бөлүнгөн. Тайпадагы эң мыкты эки команда 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына түз жолдомо алат. Үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар төртүнчү турда ойношот, анда алар дагы эки түз жолдомого, ошондой эле континенттер аралык плей-оффко катышуу үчүн ат салышат.
Үчүнчү квалификациялык тур эки айлампа менен (10 оюн) өтөт. Ал ушул жылдын 5-сентябрында башталган, оюндар 2025-жылдын 10-июнунда аяктайт. Кыргызстан "А" тайпасында Иран, Катар, БАЭ, Өзбекстан жана Түндүк Корея менен ойнойт.