Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары болду

Кечээ, 10-сентябрда БУУнун штаб-квартирасында Башкы ассамблеянын 79-сессиясынын биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынды БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасы болуп шайланган Камерундук Филемон Янг алып барды.

Ал эми Кыргызстандын туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын төрагасынын орун басары катары кызматын аткарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан