Жер улак боюнча кыргыз курамасынын жетекчиси Эрлан Абдыкапаров V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн, 12-сентябрь күнү өткөн финалдык беттеш боюнча комментарий берди.
Анын айтымында, кыргыз улакчыларына карата коркутуулар, кысымдар болгон.
"Калыс улакты казак спортчуларынын такымына бастырып, ышкырык жаңыртып, салымдарды салдырып жатты. Мынчалык деңгээлде адилетсиздик болот деп ойлогон эмеспиз. Калыстары келип бизди сөгүп жатты, милициялар, спецназдар болсо улакчыларды сабап жатты. КНБнын кызматкери келип, күбөлүгүн көрсөтүп, "сен элди экиге бөлүп жатасың" деп коркутуп, сүрөткө тартты. Биз ага карабай "ойноп бергилечи, таза карап беребиз" деп суранганынан оюн талаасына чыкканбыз. Анткени биз 3:1 менен утуп жаткан болчубуз.
Чечүүчү салымда жекеме-жекеге чыккан биздин бала артты карап турганда калыс улакты казактын такымына бастырып туруп ышкырык берди. Мунун баары видеодо бар. Бул жеңишти намыстары болсо майрамдай алышпайт деп ойлойм", - деди ал.
Белгилей кетсек, финалдык оюнда эки команданын ортосунда чыр чыгып, оюн үзгүлтүккө учураган. Буга казак оюнчусу салым салган кыргыз улакчысын камчы менен чаап жибергени себеп болгон. Жыйынтыгында беттеш улантылып, 5:4 эсебинде Казакстандын жеңиши менен аяктады.
Негизинен оюндун жүрүшүндө мындай адилетсиздиктер көп эле орун алды. Буга нааразы болгон социалдык тармактын колдонуучулары дагы оюн калыс өтпөгөнүн жазып жатышат.