Кыргызстандын ителги жана карчыга куш салуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 3 медаль жеңип алышты.
Маалымдалгандай, 1 алтын, 2 күмүш кыргыз курамасынын капчыгына илинген.
"Бакыт Шамурат уулу ителги салуу боюнча 1-орунду ээлеп, V Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын чемпиону болду. Түгөлбай Абдыкадыров ителги салуу боюнча 2-орунду, ал эми карчыга куш салуу боюнча Адилбек Кудайбердиев күмүш медалды жеңди.
Курама команда машыктыруучулары Кубатбек Абдырасулов, Нурлан Молдокунов жана Муратбек Абдылдаевдин жетекчилиги астында мелдешке катышты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кечээ, 13-сентябрда жыйынтыкталып, Кыргызстан курама командасы жалпы 65 медаль
алышкан.