Бүгүн, 15-сентябрда АКШнын Парвдайс шаарында UFC 306 турниринде учурдагы чемпион мексикалык Алекса Грассо менен Кыргызстандык Валентина Шевченко беттешти.
Шевченко атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк калтырган жок. Ар бири 5 мүнөттөн турган беш раунддун жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти Шевченкого берип, чемпиондук наамды кайтарып алды.
Бул алардын үчүнчү жолку беттеши болот. Грассо биринчисинде Шевченкону 2023-жылдын мартында мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Ал эми өткөн жылдагы UFC Noche шоусунун алкагында өткөн экинчи беттеште калыстардын упайлары боюнча келишпестик жаралып, тең чыгуу менен аяктаган. Ошонтип Грассо титулду сактап калган эле.