Кыргыз мушкер Валентина Шевченко UFC 306 турниринде титулдук курун кайтарып алган соң машыгуу залында ушул эле турнирде чемпион болгон грузиялык Мераб Двалишвили менен лизгинка бийин бийлешти.
Алардын бийи социалдык баракчаларга тарап, коомчулуктун алкоосун алды. Буга чейин Валентина Шевченко жеңишке жеткен беттештеринен кийин салтка айланган лезгин калкынын бийин бийлечү.
Айта кетсек, Лас-Вегаста орун алган мелдеште Шевченко мексикалык Алекса Грассону жеңсе, Двалишвили жеңил салмактагы америкалык Шон О'Мэлли менен беттешип, титулдукту кайтарып алган.