ИИМдин Орусиядагы өкүлү Исмайил Сагыналиев каза болду 

ИИМдин Орусиядагы өкүлү, милициянын полковниги Исмайил Сагыналиев 45 жашында күтүүсүз жерден каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда ИИМден билдиришти.

Исмайил Сагыналиев 1979-жылы 9-январда туулган. Ички иштер органындагы эмгек жолун 2003-жылы Бишкек шаардык ИИБинин милициясынын кайгуул күзөт кызматынын полкунун милиционери кызматынан баштаган. Мындан тышкары ар кандай бөлүмдөрдүн ыкчам кызматтарынын жетекчилик курамында иштеген. Ал 2022-жылы ИИМдин Орусиядагы өкүлү болуп дайындалган.

"Ал кесиптештеринин арасында урмат-сыйга ээ болгон. Кызмат учурунда мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, кесиптештери жана ардагерлери Исмайил Сагыналиевдин туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат. Анын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө калат", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан