"Торугарт" жана "Эркечтам" чек ара бекеттери 17-сентябрдан тарта убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалым болгондой, көзөмөл-өткөрүү пункту Кытай тараптын демилгеси менен Кытайда өтүүчү күзгү майрамга байланыштуу жабылат.
18-сентябрдан тарта “Эркечтам-Автодорожный” жана “Торугарт-Автодорожный” өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү кайра жанданат.