Антонина Шевченко эне статусуна ээ болду

Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко эне статусуна ээ болду. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялады.

"Эң керемет! Өтө татаал жана укмуштай сүйкүмдүү жыл! Мен эне болдум. 20 жылдан кийин Шевченко мушкерлеринин кийинки мууну UFCде жеңишке жетишет", - деп жазган Антонина Шевченко.

Антонина Шевченко кыргызстандык профессионал спортчу, аралаш мушташ (ММА) жана муай-тай боюнча күч сынашат. Ал жеңил салмактагы UFC чемпиону Валентина Шевченконун эжеси катары белгилүү. Антонина да буга чейин UFCде жеңил салмак категориясында беттештерге чыккан. Бирок анын акыркы беттеши 2022-жылдын июль айында болуп, андан кийин ал учкучболуп жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан