Нарын облусунда "Нарын-Ордо" аталышындагы эко-шаарча куруу пландалып жатат. Бул боюнча президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Белгиленгендей, жаңы шаарчанын долбоору облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен даярдалууда.
"Шаарыбызды кеңейтүү максатында Кара-Бүк тилексине 300 гектар жерге жаңы заманбап эко-шаарча куралы деген тапшырманы облус башчыбыз койду. Бүгүнкү күнү долборлоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.