Көчмөндөр оюндарынан кийин Дастан Руслановго айылдаштары аргымак мингизишти (видео)

Астана шаарында өткөн V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү боюнча алтын байге уткан кыргыз улакчысы Дастан Руслановду айылдаштары тосуп алышты.

Бүгүн, 18-сентябрда Ак-Талаа районунун Жогорку-Май айылында Дастан Руслановду тосуп алуу иш-чарасы өттү. Анда айыл эли улакчы жигитти кортеж менен тосуп алган. Ошондой эле айыл жаштары Дастан Руслановго аргымак мингизишкен.

21 жаштагы Дастан Русланов Астанадага көчмөндөр оюндарында Кыргызстан үчүн дебюттук оюнун өткөрдү. Анда Дастан Русланов өтө мыкты оюн көгөзүп, кооз салымдарды жаратуу менен көпчүлүктүн алкоосуна татыды.

Дастан Руслановго айылдаштары аргымак мингизишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан