Өзбекстанда өтүп жаткан футзал боюнча Дүйнө чемпиондугундагы оюн 9:4 эсебинде аяктады

Коңшу Өзбекстандын Бухара шаарында футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 2-турунун алкагындагы Иран-Гватемала беттеши өттү.

F тайпасындагы беттеш 9:4 эсебинде Ирандын ири жеңиши менен аяктады. Гватемалага голдорду Саид Ахмад-Аббаси (6, 27 жана 40-мүнөттө), Салар Агапур (11 жана 21), Хоссейн Тайеби (14 жана 37), Бехруз Азимихематабади (25) жана Махди Карими (32) киргизишти.

Ал эми Гватемаладан Патрик Руиз (6 жана 15-мүнөттө), Марвин Сандовал (20-) жана Брайан Сантисо (38) өзгөчөлөнүштү.

Муну менен Иран мөөнөтүнөн мурда плей-офф баскычына чыкты.

.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан