Садыр Жапаров парламент жабык эшик артында караган мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Документ мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.

Ага ылайык, Баткен облусунда бир катар айыл аймактар түзүлүп, административдик чек аралары бекитилүүгө тийиш.

Баткен районунда төмөндөгүдөй айыл өкмөттөр түзүлгөн;

  • Администрациялык борбору Ак-Татыр айылы болгон Ак-Татыр айыл аймагы түзүлсүн;
  • Борбору Жаңы-Жер айылы болгон Төрт-Гүл айыл аймагы түзүлсүн;
  • Самаркандек айыл аймагы түзүлүп, борбору Самаркандек айылы болсун;
  • Бужум айылы борбору болгон Суу-Башы айыл аймагы түзүлсүн;
  • Алтын-Бешик айыл өкмөтү түзүлүп, борбору Таян айылы болсун;
  • Ак-Сай айыл аймагы борбору Ак-Сай айылы болуп түзүлсүн;
  • Кара-Бак айыл аймагы администрациялык борбору - Кара-Бак айылы менен.

Лейлек району боюнча;

  • Кең-Талаа айыл аймагы түзүлүп, борбору Бешкент айылы болсун;
  • Лейлек айыл аймагы түзүлүп, борбору Катран айылы болсун;
  • Борбор Кулунду айылы болгон Кулунду айыл өкмөтү түзүлсүн;
  • Тогуз-Булак айыл аймагы түзүлүп, Миң-Жыгач айылы борбору болсун;
  • Ак-Суу айылы менен Ак-Суу айыл аймагы;
  • Жаңы-Жер айыл аймагы түзүлүп, борбору Борбордук айылы болсун;
  • Борбору Андарак айылы менен Сумбула айыл өкмөтү түзүлсүн;

Ошондой эле мыйзам боюнча Раззаков, Баткен, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларынын административдик чек аралары бекитилген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирген.

Эске салсак, мыйзам долбоорун 11-сетябрда Жогорку Кеңештин төрт комитети жабык эшик артында бир учурда үч окууда караган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан