Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Бишкек Жылуулук электр борборуна барды.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров негизги өндүрүштүк цехтерди көрүп, жабдуулардын абалы менен таанышып, ЖЭБтин учурдагы абалы жана жылытуу мезгилине даярдыгы боюнча отчётторду укту.
Өкмөт башчы кышкы мезгилге сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле бардык тапшырмалардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгына токтолду.
Жылуулук электр борборунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, энергияны үнөмдөө, ошондой эле жабдууларды модернизациялоо боюнча тиешелүү ведомстволорго бир катар тапшырмалар берилди.