"Түрк күрөшүн ошол учурда үйрөндүм". Көчмөндөрдө түрк күрөшүнөн чемпион болгон ИИМдин кызматкери менен маек

SUPER.KG порталы Астана шаарында өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында түрк күрөшүнөн (ашыртмалы аба гюреши) чемпион болгон Айболот Аманов менен маектешти.

Айболот Аманов Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Биринчи Май айылынан болот. Токтогул Чолушев атындагы орто мектепти аяктагандан кийин атуулдук милдетин аткарып кыргыз армиясында кызмат өтөгөн. Армиядан соң ИИМдин 7705 аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөөнү уланткан. Учурда аскердик бөлүктүн спорттук машыгуу борборунда улук спортчу болуп эмгектенет. Кенже сержант званиясына ээ. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетин сырттан окуп жаткан кези.

- Саламатсызбы, Айболот? Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан алган байгеңиз кут болсун! Сиз эл күткөн алтын байгени алып келдиңиз. Негизи түрк күрөшүнөн мурда мелдештерге катышчу белеңиз, деги эле көчмөндөргө кантип катышып калдыңыз?

- Саламатчылык. Куттуктооңузга рахмат. Негизи өзүм 7-класста окуп жүргөндө эле эркин күрөшү менен машыкчумун. Кийин мектепти бүтүп, Бишкекке келгенде кыргыз күрөшүнө өтүп кеткем. Чынында, көчмөндөргө кыргыз күрөшүнөн катышсам деген планым бар болчу. Тилекке каршы, биздин күрөш көчмөндөрдүн программасына кирбей калыптыр, ошентип түрк күрөшүнөн барып калдым. Көчмөндөргө чейин эч кандай бул күрөш менен машыгып же кызыгып алектенип көргөн эмес болчумун. Болгону ошол түрк күрөшүнөн Чолпон-Атада 10 күндөй тандоо туру өттү. Ага катыштым. Ал жакта бизди түрк күрөшүнүн эрежелери менен тааныштырып, анан ар салмакта өз-ара күрөштүрүп, жеңгендерибизди тандап алды.

- Демек, көчмөндөргө чейин түрк күрөшү сизге андай деле тааныш эмес болчу экен да...

- Ооба, керек болсо Чолпон-Атадан үйрөнгөн эрежелер дагы жетиштүү болбой чыкты. Толук эрежесин Астанада мелдеш башталар алдында түрктөр 2 сааттай түшүндүрүп, көрсөтүп беришти. Ошол убакта бардыгын эске тутуп, өздөштүрүүгө жетиштим десем болот. Килемге чыкканда эч кандай эреже бузбастан, көрсөтүлгөн ыкмаларды толук колдонуу менен күрөштүм.

- Жеңишке жетүү оңойго турбаса керек?

- Албетте, жаңы үйрөнүп эле катышып калуу оор болду. Мен 80 килограмм салмак ченинде күч сынашып, алгач орусиялык балбан менен чыктым. Кийинки айлампаларда казак, тажик спортчларын жеңип, финалда түрк балбанын утуп алдым. Айта кетчү нерсе күрөштүн эрежелерин башка өлкөлөр толук билбегендиктен беттештерге түрктөр калыстык кылды. Бирок адилеттүү болду. Кыргызстандан 5 спортчу катышып, 3 алтын, 1 коло менен командалык эсепте 1-орунду камсыздай алдык.

- Буга чейин өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыштыңыз беле?

- Жок. Бул көчмөндөр мен үчүн алгычкы болду. Эми кийинки көчмөндөргө дагы катышууну пландап жатам.

- Түрк күрөшүнөнбү?

- Колдон келсе эки күрөш түрүнөн (күлүп). Кийинки Кыргызстанда болчу көчмөндөргө кыргыз күрөшү кошулат деп жатышат. Өзүм кыргыз күрөшү менен машыккандан кийин катышууга сөзсүз аракет кылам. Мүмкүнчүлүк болсо түрк күрөшүнөн дагы килемге чыгууга аракет кылам. Негизи мага ашыртмалы аба күрөшү жакты. Стили эркин күрөшкө окшошуп кетет экен. Кыргыз күрөшүнөн башкы айырмачылыгы бел боонун жоктугу.

- Буга чейин эркин жана кыргыз күрөштөн машыгып калдым деп калдыңыз. Кандай ийгиликтерди жарата алдыңыз?

- Эркин күрөштөн мектепте окуп жүргөндө машыгып, Кыргызстандын чемпиондугуна катышып калдым. Кыргыз күрөшүнөн болсо, эки жолу өлкө, бир жолу дүйнө чемпиону болдум. Учурда дагы кыргыз күрөшү менен машыгууну улантып келем.

- Жумушуңузга токтолсок. Жоокерлер менен иштешүү оор эмеспи?

- Аскер кызматкери болгондон кийин алгач бардык жактан тактыкты үйрөнөсүң. Аскер адамы болуу күнүңдү машыгуу менен өткөрүү дегендей. Күнүң ден соолукту чыңдай турган режим менен өтөт. Андыктан жоокерлерди машыктыруу өтө деле оорчулук жаратпайт. Бизди үмүттөндүргөн аскерлерибиз абдан көп. Быйыл бир жоокерибиз кол менен мушташуу боюнча Азия чемпиону болду. Алдыда дагы чемпион жоокерлерди даярдайбыз деген пландарыбыз бар.

- Кызыктуу маек үчүн чоң рахмат! Ишиңизге, машыгууларыңызга ийгилик каалайбыз!

- Сиздерге дагы ыраазычылык билдирем! Жаш жигиттерди мекен алдындагы милдети болгон армияда кызмат өтөөгө чакырам!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан