Президент Садыр Жапаров III Элдик курултайды ушул жылдын 20-декабрына дайындады.
Өлкө башчынын тиешелүү жарлыгы мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Маалыматка ылайык, быйыл делегаттарга 700 квота бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, былтыр 15-16-декабрь күндөрү II Элдик курултай болуп өткөн.