Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы болуп Женалы Орозбаев дайындалды.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Өкмөттөн билдиришкендей, буга чейин аталган кызматты жетектеп келген Гүлшат Асылбаева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматтан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан