Аскар Акаевдики башкача жагдай. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 26-сентябрда "Кабар" агентигине курган маегинде Ынтымак-Ордого мурдагы премьер-министр Апас Жумагуловдун портретинин илинишинин себебин түшүндүрүп жатып айтты.
Жапаров эки инсан тең өлкөнү түптөөдө эмгеги бар экенин белгилеп, бирок тунгуч президенттин мамлекет үчүн жасаган айрым катачылыктарын эске салды.
"Мен Аскар Акаев татыктуу эмес деген пикирде айткан жокмун. Ал кишинин да жаңы Кыргызстанды түптөөдө салымы тоодой. Мен жогоруда айткан ийгиликтердин башында ошол киши турган. Бирок жашоодо табият ушундай экен, 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң кечирилбейт. Аскар Акаев кайсы жерден жаңылды. Бул менин берген баам эмес, көпчүлүк элдин берген баасы. Биринчиден, приватташтыруу маселесин көзөмөлдөй албай калды. Колунда бийлиги бар ач көз мамлекеттик кызматкерлер элдин мүлкүн талап-тоноп кетишти. Иштеп турган завод, фабрикаларды талкалап, станокторун чет өлкөлөргө сатышты.
Экинчиден, айыл чарба талкаланды. Эми бул айыл чарба маселесинде Акаевдин күнөөсү жок. Анткени Акаев айыл чарбачы эмес, окумуштуу адам болгон. Айыл чарбасын талкалаган компетентсиз, демогог министрин күнөөлөсөк болот. Ал жерге ыраматылык Жумгалбек Аманбаев сыяктуу күчтүү министрди коюш керек эле. Аскар Акаевич кадр тандоо маселесинде да жаңылды", - деген ал.
Мамлекет башчы эгер Аскар Акаев төңкөрүшкө жеткирбестен ордун тапшырганда анын портирети бардык жерге илинмектигин белгиледи.
"Үчүнчүдөн, эң негизги катасы, эл кубалаганга чейин жеткирбеш керек болчу. 10 жыл башкаргандан кийин кетиш керек эле. Адам баласынын жашоо табиятында бир көрүнүш бар. Бир эле адамдын жүзүн кечке көрө берсе адамдар ал инсандан тажайт. Мейли ал алтын адам болсун, бир жүздү кечке көрө берип адамдар тажап кетет. Ошол үчүн дүйнө жүзүндө президенттердин мөөнөтүн 7 жылга бир жолу же 4-5 жылдан эки жолу шайланат деген эреже бар. Бул эреже деле жөндөн-жөн кирди дейсиңерби. Эзелтеден бери келе жаткан дүйнөлүк тажрыйбадан улам бир адам көпкө чейин президент болуп отуруп албасын деп кирген норма да. Биз адамдар пенделик кылат турбайбызбы. Же бийлик ушунчалык эле таттуубу, билбейм.
Ошондуктан Аскар Акаев эл кубалаганга жеткирбей кетип калганда, эң биринчи Аскар Акаевдин портрети тунгуч жана экс-президент катары бардык жактарда илинип турмак. Мына кечээ Жогорку Кеңеш да "экс-президент" макамын берүүдөн баш тартып коюптур. Ошондуктан баарыбыз өткөндөн сабак алып, азчылык көпчүлүккө баш ийишибиз керек. Мен дагы бир жолу кайталайм. 99 жолу жакшы иштерди жасап, 1 жолу жаңылсаң эл кечирбейт. Адам баласынын жашоосунда табият ушундай экен. Жакшы иштерин тез эле унутулуп калат. Жаман иштериң эч качан унутулбайт. Ага капа болуштун кереги жок. Ошондуктан биз катачылык кетирбегенге аракет кылалы. Тез-тез жаңыланууларды, тез-тез өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү жасап туралы. Мына ошондо эл баалайт, эл сыйлайт", - деди Жапаров.