Бүгүн, 26-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков кылмыш иши козголгон "Евро хантер" компаниясы ишмердүүлүгүн токтотпой жатканын билдирди.
Ал чет өлкөгө жумушка орноштурууну убада кылып, 4 миң адамды кармап отурганын белгиледи.
"4 миңден ашык адам визасы жок, же акчасы жок, же жумушу жок бизге кайрылып жатышат. Былтыр 2-июнда Биринчи май РИИБи тарабынан иш козголгон. Ошондон бери тергөө жүрүп жатат, а компания болсо ишмердүүлүгүн дагы деле жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө жарнама кылып, элдин акчасын чогултуп, элди кезекке тургузуп жатат. Булардын иши сотко өткүчө 4 миң адам 8 миң болот. Эртең эле алар көчөгө чыгышат", - деди Самаков.
Депутат өкмөттөн компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуп, элдин акчасын алып берүүнү суранды.
Эске салсак, 25-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору "Евро Хантер Компани" ЖЧКсынын иши токтотулганын кабарлаган. Министрлик мындай чечим жарандардан түшкөн даттануулардан улам кабыл алынганын белгилеген.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев 12-июлда кыргызстандык жарандарды чет мамлекеттерде, анын ичинде Европада жумушка орноштуруудагы маселелерден улам жыйын өткөркөн. Анда “Евро хантер” компаниясынын айланасындагы жагдай талкууланган. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Мирлан Муратов жагдай боюнча маалымат берип, келишим түзүп, компанияга катталгандар менен иш алып барып жатканын билдирген болчу.