Иран Бейрутка аба каттамдарын токтотту

Иран Эйр компаниясы Ливандын борбору Бейрутка бардык каттамдарын кийинки эскертүүгө чейин убактылуу токтотту. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы маалымдады.

Маалыматка караганда, компаниянын басма сөз катчысы Хусам Курбани учактарды жокко чыгаруу кийинки эскертүүгө чейин күчүндө болорун жана каттамдар кайра жанданса график кайра карала турганын айткан.

Аймактагы абалдын начарлашына байланыштуу Европанын Авиация коопсуздугу боюнча агенттиги (EASA) да авиакомпанияларга Ливан менен Израилдин аба мейкиндигинде учуудан качууну сунуштады. Бул сунуш 2024-жылдын 31-октябрына чейин күчүндө болот, бирок окуяларга жараша кайра каралышы мүмкүн.

Буга чейин "Хезболла" кыймылы лидери Хасан Насралла Израилдин аба соккусунан каза болгонун тастыктаган. Бейрутка жасалган кол салууда Ирандын революциялык гвардиясынын Кудс күчтөрүнүн командиринин орун басары, генерал-майор Аббас Нилфурушан да набыт болду.

Ливандын саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматы боюнча, 27-сентябрдагы кол салуудан алты адам каза болуп, 91 киши жарадар болгон. Акыркы жумада каза болгондордун жалпы саны 700дөн ашты.

Чыр-чатактын күчөшү калктын массалык жер которуусуна алып келди. Ушул аптада эле Ливанда 100 миңдей адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп, өлкөдөгү жер которгондордун жалпы саны 200 миңден ашты.

Эл аралык коомчулук жаңжал көзөмөлдөн чыгып, АКШ менен Ирандын катышуусунда аймактык согушка айланып кетиши мүмкүн деп катуу тынчсыздануусун билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан