Садыр Жапаров Жалал-Абадда "Кыргыз Петролеум Компани" заводун модернизациялоого капсула салды 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 28-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз Петролеум Компани” заводун модернизациялоого мезгил кутусун салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” (Джерси) жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз Петролеум Компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлгөнү белгиленди. “Кыргыз Петролеум Компани” жабык акционердик коому өлкөдөгү нефтини кайра иштетүүчү ири өндүрүштүк ишкана болуп саналат жана үч түрлүү мунай продукциясын өндүрөт: АИ 80 бензин, дизель жана мазут.

Бул бүтүмдүн катышуучуларынын ортосунда үлүштөр 50/50 пайыздан бөлүштүрүлгөн. 1995-жылдын декабрь айында Кыргыз өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга кол коюлгандан кийин, чет өлкөлүк инвестор инвестициялык макулдашуу боюнча милдеттенмелерди каржылоо үчүн инвестициялык каражаттарды, анын ичинде мунай иштетүүчү заводду курууга жана өнүктүрүүгө алгачкы салымды берген. Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдун курулушу 1996-жылдын январында башталып, ошол эле жылдын сентябрь айында бүткөрүлгөн. “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКтын мунайды кайра иштетүүчү заводун көп жылдан бери модернизациялоо зарылчыгы болуп келген.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө өлкөнүн бензин жана дизель отунуна болгон муктаждыгы 1,4 миллион тоннаны түзөрүн айтты. Бул завод көп жылдан бери Кыргызстандын жогорку сапаттагы бензин жана дизель отунуна болгон муктаждыгын толук канааттандыра албай келген. Тагыраак айтканда, муктаждыктын 6,5 пайызын гана камсыздай алган. Буга чейин АИ-80, дизел отуну, мазут өндүрүлүп келген. Алдын ала эсептөөлөр боюнча завод модернизациялангандан кийин өндүрүштү көбөйтүп, ички муктаждыктардын 32 пайызын камсыздай алат.

Мамлекет башчысы алдыга койгон мындай максаттарга жетүү үчүн бул долбоорду каржылоону жана ишке ашырууну камсыз кыла турган бир катар маанилүү документтерге кол коюлганын баса белгиледи. Нефть иштетүүчү заводду модернизациялоого жумшала турган жалпы инвестициянын көлөмү 410 миллион долларды түзөт. Анын 200 миллион доллары тышкы инвестиция болсо, 110 миллион долларын Министрлер кабинети каржылайт. Ал эми калган 100 миллион долларын болсо “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому өз каражаттарынын эсебинен бөлөт.

Жапаров завод модернизациялангандан кийин Евразиялык экономикалык биримдиктин стандарттарына жооп берген жогорку сапаттагы отун түрлөрүн чыгарып баштай турганын айтты. Муну менен биз нефть өнүмдөрүн импорттоону азайтууга жетишебиз.

Мындан сырткары ал модернизациянын натыйжасында АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензиндин өндүрүшү 12 эседен ашык, ошондой эле дизель отунунун өндүрүшү 40 пайызга көбөйөрүн баса белгилеп айта кетти. Мунайды кайра иштетүүчү заводдун модернизациясы аяктап, жаңыланган завод ишке кирери менен өлкө экономикасына чоң салым кошкон стратегиялык обьектилердин катарын толуктайт.

Президент “Кыргызнефтегаз” ААК менен “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКтын жетекчилерине кайрылып, заводдун модернизацияланышын катуу көзөмөлдөө менен белгиленген мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүүнү табыштады. Бул маанилүү өндүрүшкө алардын жеке жоопкерчилиги бар экенин унутпоосун да эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан