"Канча жашайм Кудай билет". Акаев экс-президент макамын эмне себептен алгысы келгенин айтты

Кыргызстандын туңгуч президентти Аскар Акаев өмүрү аяктап баратканда жаман атта калбай, мурдагы атын кайтаргысы келерин билдирди. Бул тууралуу ал "Накта подкаст" ютуб каналына маек берип жатып айткан.

Анын айтымына караганда, ал мыйзам боюнча экс-президент макамынан ажыратылган эмес.

"Биринчиден мени мыйзам негизинде экс-президент статусунан эч ким ажыраткан эмес. Мен 2005-жылы президенттиктен кеткенден кийин, Курманбек Бакиев комиссия түзүп, мага коюлган күнөөнүн баарын карап чыгып, эч бир негиз, далил тапкан эмес.

2008-жылы Бакиев парламентке "Акаевди экс-президент макамынан ажыратыш керек" деген сунуш киргизген. Парламент бийликтин басым кылганына карабастан "эч бир негиз тапкан жокпуз. Чет өлкөлүк банктарда бир дагы центи жок экен" дешкен. Мени Курманбек Бакиев экс макамдан ажырата алган эмес.

2010-жылы Бакиев кетип, убактылуу өкмөт келет. Убактылуу өкмөттүн ичинде менин эң негизги душманым Азимбек Бекназаров дагы бар. Отунбаева менен Бекназаров кайрадан бул суроону көтөрүп чыгып мыйзамсыз декреттин негизинде чечим чыгарышат. Күнөөлөгөнү баягы эле мыйзамсыз баюу, Аксы окуялары, Кытай, Казакстан менен чек ара маселелери болгон", - деген Акаев.

Ошондой эле Аскар Акаев кумтөр маселеси боюнча баардык суроолорго жооп бергенин кошумчалаган.

"Кумтөр маселеси боюнча президент Садыр Жапаров мага кайрылган, "эгер күнөөңүз болсо, бир маселе болбосо бошотобуз" деген эле. Мен келип, баардык суроолорго жооп бергем. Ошентип мага президент Садыр Жапаров Кыргызстанга жол ачып берген.

Жашым да 80ге келди, дагы канча жашайм аны Кудай билет. Ошондуктан мен мурдагы мыйзамсыз чыгарылган чечимди жоюп коюу өтүнүчү менен азыркы парламентке кайрылдым. Менин эч кандай материалдык кызыкчылыгым жок, алардын мага кереги жок. Мен 20 жыл бир да жолу эск-президенттин артыкчылыгын пайдаланган жокмун. Өмүр аяктап баратканда жаманатты болбой, өзүмдүн мурдагы атымды кайтарсамбы дегем", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан