Бүгүн, 30-сентябрда Чүй облусунда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун катышуусунда “Биовит” инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын чыгаруучу завод ачылды. Бул тууралуу прещиденттин маалымат кызматынан билдиришти.
Өлкө башчы “Биовит” ишканасынын аймагында 2019-жылдан баштап долбоорлонуп, курулган жаңы завод жогорку сапаттагы инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын чыгарууга багытталган бул ишкана эл аралык GMP стандарттарына ылайык келерин айтты.
Белгилей кетсек, бул завод 4500 чарчы метр аянтты ээлейт. Ал жерде вентиляциялык өндүрүш системасы туташтырылган, негизги жабдуулар алынып, бардык кампалар эл аралык стандарттарга ылайык жабдылган.
Садыр Жапаров бул жерде элдин саламаттыгына кам көрүү маселеси тургандыктан, завод Италиянын, Германиянын, Түштүк Кореянын жана башка алдыңкы өлкөлөрдүн заманбап жабдуулары менен жабдылганын баса белгиледи.
Ошондой эле бул долбоор ишкананын өздүк каражаттарынын жана Орусия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыя линиясынын эсебинен ишке ашырылды.
Мамлекет башчысы жакында эле Ош шаарында инсулин шприцтерин чыгаруучу завод ачылганын жана ал ишке кирери менен жүздөгөн миллион даана шприцтерди экспортко чыгарууга буйрутма алынганын эске салды. Мурда өлкө мындай шприцтерди импорттоого муктаж болуп келген.
"Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өлкөнүн муктаждыгын толук камсыздап, экспортко да чыгарына үмүт артууда. Алдын ала эсептөөлөр боюнча завод жылына 18 миллион литр инфузиялык эритмелерди, 57 миллион инъекциялык ампулаларды жана 31 миллион флакон көз тамчыларын чыгарары күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ал өз сөзүндө ар бир ишкана курулган сайын жаңы жумуш орундары пайда болорун, ал эми бул заводдун ишке кириши менен 100гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөрүнө басым жасады.
Мамлекет башчысы дары-дармектердин баасы төмөндөй турганын айтып, оорулардын түрлөрү көбөйүп жаткан бүгүнкү заманда мындай ишкананын курулушу менен элдин дары-дармектерге жеткиликтүүлүгү камсыздалат, деген ишенимин билдирди.