Кытайдын Шанхай шаарындагы супермаркетте адамдарга бычак менен кол салган кытайлык кармалганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя кечээ, 30-сентябрь күнү болгон. Полиция тарабынан дароо кармалган 37 жаштагы жаран 18 кишини жарадар кылган. Алардын үчөө ооруканада каза болгон. Калган жабырлануучулардын алган жаракаттары өмүрүнө коркунуч туудурбай турганы айтылды.
Полиция шектүүнүн мындай кадамга барышына анын материалдык абалынын начардыгы себеп болгон деген негиз келтирүүдө. Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда.