"Министр сабак берип көрсүн". Депутат Абакиров Билим берүү министрлигинин токтомун жокко чыгаруу керектигин айтты

Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Элдар Абакиров Билим берүү жана илим министрлигинин 23-августта кабыл алган токтомун жокко чыгарууга чакырды.

Ал бир класста окуй турчу балдардын санын көбөйтүү билимдин сапатын жакшыртпай турганын белгиледи.

"Финландияда бир класста 20 окуучудан ашпаш керек экен. Биздин Билим берүү жана илим министрлиги 23-августа токтом кабыл алып коюптур. Анда шаардыга мектептерде бир класста окуучулардын саны 36 баладан, айылда 30 баладан кем болбосун деп турат. Экономика качан жогору болот - билим берүү жакшырганда. Биз экономиканы көтөрүш үчүн балдарга билим берүүдө эч нерсени аябашыбыз керек...

Министрликке айтат элем, токтомду жокко чыгаргыла, ал болбойт. Ошол 36 балага билим берүү министри барып сабак берип көрсүн, анан көрөбүз балдардын билими кандай болорун. Негизи мугалим физикалык жактан анча балага сабак берип үлгүрбөйт", - деди Абакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан