Финасы министринин орун басары учурда тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги келип калганын айтты

Бүгүн, 1-октябрдагы Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында финансы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев учурда тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги келгенин белгиледи.

"Былтыр 53 миллиард сом багытталган болсо, быйыл 66,9 миллиард сом бөлүнөт. 2027-жылы 111 миллиардга чейин чыгат. Учурда тышкы карыздын негизги суммасын активдүү төлөп жатабыз. Азыркы учурда биздин тышкы карызыбыз 4 миллиард 565 миллион доллар. Жалпы карызыбыз ИДПга карата 43,7 пайыз. Биздин мамлекетти башкаруу сратегиясында 70 пайыздан ашпасын деген норма бар. Биз азыр өтө жакшы, туруктуу деңгээлдебиз", - деди ал.

Ошондой эле Аманбаев божомол менен 2028-2029-жылдары пайыздык катнаш 24 пайызга түшөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан