Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, эртең, 3-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ага ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8 ... +13, күндүз +19 ... +24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +16 ... +21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11 ... +13, күндүз +22 ... +24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +15 ... +17;
Нарын облусунда түнкүсүн +6 ... +8, күндүз +14 ... +16;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10 ... +12, күндүз +21 ... +23 градус жылуу болот.