Түндүк Корея Түштүк Кореянын аймагына таштанды шарларын кайра учурду. Сеулга жана анын айланасына 60тан ашык "таштанды белектери" конду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, акыркы жолу 22-сентябрда таштанды шарлары учуп келген. Анда Түштүк Кореянын аскерлери эгерде, Пхеньян чектен ашып кетсе, анда "кескин аскердик чаралар көрүлөт" деп эскерткендиги кошумчаланган.
Түштүк Кореяда май айынын аягынан бери бардыгы болуп 23 мындай учур катталып, таштанды илинген 5600 шар келип конгон.