Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев спортто ийгилик жараткан жаш балбан менен УКМКнын кызматкерин кабыл алды. Бул тууралуу атайын кызмат билдирди.
Маалымдагандай, Ташиев Астана шаарында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында түрк күрөшүнөн алтын байге алган УКМКнын кызматкери Роман Сапаровду жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон Асан Жанышовду жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, аларга ден соолук, иштерине ийгилик каалады.
Жолугушуудан кийин УКМК жетекчиси спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.