Ошто турак үйдөн чыккан өрт саат 14:55 чамасында толук өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, өрттүн жалыны коңшу 3 үйдүн чатырына өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракеттеринин натыйжасында аталган турак жайлар сакталып калды.
"Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 32 адам тартылды.
Өрттүн аянты болжол менен 496 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматта.