"Кышка даярдык". ЖЭБдеги 4-энергетикалык блок качан пайдаланууга берилери айтылды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев менен бирге күз-кыш мезгилине Бишкек жылуулук электр борборунун даярдыгын көрүштү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, алар ЖЭБдеги электрдик чыпкаларды, тегирмен жабдууларын жана жаңы энергетикалык блоктордун соркыскычтарын көрүштү.
"ЖЭБдин жана «ТВЕА» персоналы, №3 энергетикалык блокко контролдук сыноо жүргүзүп жатышат. Июнда 3-блок капиталдык оңдоого чыгарылган, кыска мөөнөттүн ичинде блокту капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жетишти. 2017-жылдан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Блоктор, өзгөчө жылытуу мезгилинде, жылуулук жана электрдик чоң жүктү көтөрүшөт, ошондуктан орнотулган 300 мегаватт долбоордук кубаттуулуктун 210 мегаваттына чейин төмөндөшү байкалган, бул электр энергиясын иштеп чыгууга таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ноябрда №4-энергетикалык блок пайдаланууга берилиши күтүлүп жаткандыгы айтылат.
Маалымат үчүн: контролдук сыноо процессин жүргүзгөндөн кийин турбиналык агрегат белгилүү бир убакытка чейин кубатталып турушу керек жана контролдук сыноо ийгиликтүү аяктагандан кийин гана энергетикалык блок ишке киргизилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан