ТИМ кыргызстандыктарды Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине барбай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды Израиль, Иран жана Ливанга барбай турууга чакырды.

Маалымдалгандай, ТИМ жаңжалдашкан тараптарды эл аралык укуктардын негизги принциптери менен нормаларын сактоого, анын ичинде аймакта абалдын күчөшүнө алып келе турган аракеттерден карманууга чакырды.

Кыргызстан согуштук аракеттерди тез жана толук токтотууну, саясий диалогдун башталышын жана чыр-чатактардын тынчтык жолу менен чечилүүсүн колдойт.

"Жакынкы Чыгыш аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына өздөрүнүн коопсуздук чараларын күчөтүүгө, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого жана өлкөнүн расмий органдарынын талаптарын жана сунуштарын так аткарууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан