Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев "Биринчи радиого" курган маегинде жергиликтүү кеңештин депуттаттарына болгон шайлоого кирген өзгөртүүлөр жөнүндө айтып берди.
Ал айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер төлөй турчу миң сомдук күрөө жокко чыгарылганын, депутаттар мурункудай эле можаритардык система менен шайланарын айтты. Ошондой эле шаардык кеңешке болгон шайлоо партиялык тизме менен өтөрүн, шайлоо босогосу 7ден 5 пайызга түшүрүлгөнүн белгилеп, мурункудай партиялар тизмесин 1,5 эсе көп бербестен, шаардык кеңештин депутаттыгында канча мандат болсо ошонун чегинен ашпаган адамдын тизмесин гана бере аларын эскертти.
Мындан тышкары Жылкыбаев тизменин ичинде бирден кем эмес майыптыгы бар жаран болушу шарт экенин айтты. Айылдык жана шаардык кеңешке гендердик квота дагы каралганын кошумчалап, шайлоочуларга шарт түзүү үчүн аралыктан добуш берүү системасы киргизилип жатканын белгиледи.
"10 шайлоо участогунда аралыктан добуш берүү өтөт. Бишкек шаарында 4, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Каракол шаарларында бирден. Биз муну былтыр Саруу айылдык кеңешине шайлоо болгондо пилоттук түрдө колдонгонбуз. Мындай добуш берүүнү өлкө жарандары катталган аймагынан тышта болуп калса пайдалана алат. Болгону алдын ала катталып коюу керек", - деди ал.
БШКнын мүчөсү быйылкы шайлоодо кирип жаткан дагы бир өзгөчөлүккө токтолду. Анын айтымында, шайлоо бюллетендери мурдагыдай алдын ала басылып чыгып, шайлоо участокторуна жеткирилбестен, шайлоочулар келип биометрикадан өткөндө гана жанына коюлган принтерден бюллетен басылып чыгат. Жылкыбаев муну шайлоодо ашыкча корой турган кагаздар, акча каражаттарына үнөм болорун айтып түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 17-ноябрда өтөт.