Президент Садыр Жапаровдун Италияга жана Ватиканга 2-4-октябрда болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 3-октябрда Римде президент Садыр Жапаров менен Италиянын президенти Серджо Маттарелланын расмий жолугушуусу болду.
Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, анда тараптар саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдиришти.
Садыр Жапаров бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жылдагы биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу экенин белгиледи.
Ал эми Киджи Сарайында Садыр Жапаровдун Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Жоржа Мелони менен расмий жолугушуу аземи болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр да өттү.
"Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери, ошондой эле инвестиция, энергетика, транспорт, логистика, туризм жана башка негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле бир катар документтерге кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары мамлекет башчысы Италиянын депутаттар палатасынын Спикери Лоренцо Фонтана жана Италиянын сенатынын спикери Иньяцио Ла Русса менен жолугушту.
Парламенттер аралык дипломатияны чыңдоо, ошондой эле мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекет башчынын расмий сапарынын алкагында Римде “Кыргызстан” паркынын ачылышы болуп, бизнес-форум да өттү.
Ошондой эле 4-октябрда Ватиканда президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту.
Ошондой эле Садыр Жапаров Ватикандын мамлекеттик катчысы Пьетро Паралин менен жолугушуп, маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери талкууланды.
Андан кийин Ватикан музейинде жана Ыйык Петр Соборунда экскурсия болду.
Садыр Жапаров расмий сапарын аяктап, бүгүн, 4-октябрда Бишкекке кайтып келди.