Садыр Жапаров: “Күчтүү мугалимдер өлкөнүн өнүгүүсүнүн ачкычы”

Бүгүн, 5-октябрда президент Садыр Жапаров Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мугалимдерди Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкө башчы билим берүү системасынын бир кылымдык тарых-таржымалы жаатында илимий эмгектер, макала-материалдар даярдалып, коомчулукка сунушталышы жана жайылтылышы керектигин айтты.

"Ошондой эле ал билим берүү тармагында бала бакчага кабыл алуудан баштап, жогорку окуу жайларга тапшырууга чейин – санариптештирүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылганын билдирди.

Мындан сырткары, мугалимдердин маяналары орточо эмгек акыга теңдештирилип, мунун натыйжасында мугалимдердин жетишсиздиги 3,5 эсе кыскартылганын кошумчалады", - деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, 2020-жылы билим берүүгө бөлүнгөн бюджеттин көлөмү 36 миллиард сомдон, быйыл, 65 миллиард сомго чейин көтөрүлдү.

"Ал эми бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан билим берүү системасын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын комплекси жүзөгө ашырылууда.

Билим берүү тармагында бала бакчага кабыл алуудан баштап, жогорку окуу жайларга тапшырууга чейин – санариптештирүү жаатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Каттоо, документтерди кабыл алуу сыяктуу бардык процесстерди электрондук форматка өткөрүү менен коррупция тобокелчиликтери азайды. Бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык аймактарындагы жарандарыбыз үчүн абдан эле ыңгайлуу болуп калды, десек болот", - деп сүйлөгөн өлкө башчы өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө "Мугалимдер" күнү белгиленет. 2014-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргызстандын билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан