"Айрымдарга гана иштейт". Депутат Кокулов жалган жалаа үчүн айып пул салган мыйзамга каршы экенин билдирди

Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эрулан Кокулов эгер интернетте, социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалган маалымат тараткан жаранга айып пул салган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, ал айрым гана адамдарга иштей турганын айтты.

“Бул мыйзам долбоору иштейт. Бирок айрым гана адамдарга иштейт. Силер иштете алган гана кишилерге иштейт. Тилекке каршы, жөнөкөй адамдарга иштебейт. Социалдык тармактарда көзөмөл болушу керек. Бирок силер ошону ишке ашыра албай жатпайсыңарбы. Силер буга чейин эле тартипке салып койгондо азыркы мыйзам долбоорун алып келбейт болчусуңар”, - деди ал.

Ошондой эле Кокулов жарандын социалдык түйүндөрдөгү аккаунтун башка бирөөлөр бузуп кирип, анын атынан жалган маалыматтарды жарыяласа ким жооп берерине кызыкты.

Буга ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев мындай фактылар боюнча иликтөө жүрөрүн айтып, бирок алар ар дайым эле табыла бербестигин моюндады.

Эске салсак, "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган. Документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта, сайттын социалдык тармактарын колдонуу менен жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушталган.

Коомчулукта талкуу жараткан аталган мыйзам боюнча президент Садыр Жапаров өз пикирин билдирип, мыйзамды колдой турганын, бирок андагы айып пулдун өлчөмүнө каршы экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан