Бүгүн, 9-октябрда Мюнхенге болгон жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Waldner Holding SE & Co. KG” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Йохен Фрю менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуу Мюнхен университетинде өттү, анда “Валднер Холдинг” компаниясы лабораторияны кеңири спектрдеги изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн заманбап жабдуулар менен жабдуу долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган.
Акылбек Жапаров лабораториянын иши менен таанышып, мектептерди жана ЖОЖдорду эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лабораториялык жабдуулар менен жабдуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан региондо биринчилерден болуп билим берүү тармагында Гугл Эдьюкейшн (Google Education) менен кызматташууну жолго койгонун баса белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө долбоорлоо жана өндүрүш баскычында турган «Акылман» президенттик мектебинин лабораториялык класстарын жабдуу долбоору талкууланды.
Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Кыргызстандын беш университети үчүн химия жана физика лабораторияларын кайра жабдуу боюнча пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашаарына ишеним билдирди.
«Биз университеттердин ар бирине 1 миллион доллар бөлүүнү пландап жатабыз, долбоорду Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен бирге баштоону пландап жатабыз», - деди Акылбек Жапаров.
Йохен Фрю өз кезегинде Кыргызстан менен кызматташууга кубанычта экенин белгиледи.
«Биз билим берүүнү өнүктүрүүдө чоң потенциалды көрүп жатабыз жана кыргызстандык студенттерге ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон билим жана көндүмдөрдү алууга жардам бере турган заманбап жабдууларды жана технологияларды берүүгө даярбыз», - деди ал.