Бишкектеги Улуттук көркөм сүрөт музейинде “Жетинин бири... устат – шакирт” аттуу көргөзмө ачылат

Эртең, 10-октябрь саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде “Жетинин бири... устат – шакирт” аттуу көркөм сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул туурасында аталган музейдин өкүлдөрү кабарлады.

Маалымдалгандай, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түптөлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган.

"Аталган көргөзмө муундардын ортосундагы көркөм өнөргө болгон философиялык ой жүгүртүүлөрдү камтыйт. Бул көргөзмөгө көркөм сүрөт өнөрүнүн ар түрдүү жанрлары: графика, живопись, керамика жаатындагы чыгармалар коюлган. Кыргызда 7 саны чоң мааниге ээ, “жетинин бири”... дегендей ар бир муундагы 7 сүрөчтү өз чыгармаларын эл сынына тартуулайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан