Карелиядагы колонияда казакстандык Лёха Семипалатинский аты менен таанымал мыйзамдагы ууру Айткали Маймушев асынып алган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Кечээ, 9-октябрда эртең менен 11:00 чамасында 66 жаштагы Айткали Маймушевдин жансыз денеси табылган. Ал бөлмөдө жалгыз болгон.
Лёха Семипалатинский 2023-жылы криминалдык иерархия жана баңгизат боюнча кармалып, 9 жылга кесилген.
Маалымат үчүн: Карелия – Орусиянын карамагындагы республика.