"Бек-Абад" өткөрүү пункту жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу кечээ, 9-октябрда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 10-октябрда саат 15:00дөн 18:00гө чейин адамдардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулат.
Маалымат үчүн: “Бек-Абад автожолу” – Жалал-Абад облусундагы мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Өзбек тилкесинде жайгашкан көп тараптуу өткөрүү пункту.