Эртең, 11-октябрда президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Ашхабад шаарына барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, өлкө башчы түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган “Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы – тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи” аттуу эл аралык форумуна катышат.
“Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусу күтүлүүдө. Түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына карата өтө турган эл аралык форум өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталат", - деп айтылат маалыматта.