Акылбек Жапаров Бавариянын премьер-министри менен кызматташуу маселесин талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиядагы Бавария федералдык аймагынын премьер-министри Маркус Зёдер менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Жапаровдун “Кыргызстандын экономика күнү” темасындагы кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына жана кыргыз-герман бизнес-форумуна катышуу үчүн Мюнхенге барган иш сапарынын алкагында болду.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бавариянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, экономика, билим берүү жана алдыңкы технологиялар тармагындагы кызматташууга басым жасашты.

Өкмөт башчы Кыргызстан менен Бавариянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу потенциалды белгиледи.

Өз кезегинде Маркус Зёдер Бавария Кыргызстан менен кызматташууга ачык экенин жана жаңы демилгелерди кароого даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле туруктуу өнүгүү жана экономика жаатындагы биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн, эки тараптын ишкерлеринин бизнес байланыштарын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Соңунда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө, Германиянын алдыңкы технологияларын Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына кеңири жайылтууга кызыкдар экендигин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан