Брянск шаарындагы Почепск райондук соту пара берүүгө аракет кылган 25 жаштагы Кыргызстандын жараны Майрамгүл Болбурованы 4 айга камоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу 30-декабрда орусиялык ММКлар жазып чыгышты.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.Болбурованын Орусияда мыйзамсыз жүргөнү белгилүү болгон. Административдик протокол түзүү үчүн ал Орусия ИИМинин атайын бөлүмүнө жеткирилген.
Жазадан кутулуу максатында кыз 2 000 рубль берип жаткан жеринен кармалган. Райондук сот жалпы режимде 4 айга эркинен ажыратты.