Өлкөдө автоунааны сатып алууда камсыздандыруу эрежеси өзгөрдү

Министрлер кабинети тарабынан чыккан токтомдун негизинде Кыргызстанда автоунааны сатууда камсыздандыруу полисин сатып алууга милдеттендирүүчү норма жокко чыкты. Бул туурасында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлады.
Маалым болгондой, мындан ары сатылган унаанын камсыздандыруу полисинин мөөнөтү бүтө элек болсо, унаанын жаңы ээси камсыздандыруудан өтпөйт. Жана да мурунку ээси камсыздандыруудан өткөргөн автоунааны сатып алуучу полисин өзүнүн атына кайра каттата алат.
Ошондой ле, каттоо учурунда камсыздандыруу суммасы көбөйсө, камсыздандыруу компаниясы кайра эсептөөгө милдеттүү жана жаңы ээси айырманы гана төлөп бериши керек кендиги маалыматта белгиленген.
Белгилей кетсек, өлкөдө 1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштаган. Анда унаанын ээси жана сатып алып жаткан жаран да ОСАГО полисин алууга милдеттүү болгон. Бул коомчулуктар нааразылыкты жараткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан