Иран тынчтыкка умтулат, бирок согушка даяр жана андан коркпойт. Тегеран Газа тилкесинде жана Ливанда тынчтык орнотууга аракет кылат. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдиргенин РИА Новости жазды.
"Иран чыңалууну, кагылыштарды жана согушту күчөтүүгө умтулбайт, бирок биз согушка дагы, тынчтыкка дагы даярбыз. Биз согуштан коркпойбуз, бирок биз согушка умтулбайбыз, тынчтыкка умтулабыз. Газада жана Ливанда адилеттүү тынчтык орнотуу үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз", - деген ал.
Аракчинин айтымында, Ирандын элин жана кызыкчылыктарын коргоого келгенде кызыл сызыктар жок.
"Акыркы күндөрү биз аймактагы масштабдуу согуштун алдын алуу үчүн укмуштуудай аракеттерди көрүп жатканыбызга карабастан, бизде элибизди жана кызыкчылыктарыбызды коргоодо кызыл сызыктар жок экенин толук жоопкерчилик менен билдирем", - деген министр.
Ал ошондой эле АКШны Израилге рекорддук көрсөткүчтөгү курал-жарак жеткирип жатат деп айыптады.