Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо иштери аяктоо алдында турганын билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо иштери дээрлик аяктап калганын билдирди. Бул тууралуу ал Баткен шаарында өткөн "Баткен тарыхы – улуттун руханий казынасы" аттуу эл аралык илимий конференцияда билдирди.

"Жакынкы арада, Кудай буюрса, коңшулар менен чек ара маселесин чечебиз. Эми ал кимдин жери тууралуу эч кандай белгисиздик болбойт. Бардыгы мыйзам чегинде чечилип, жерибизди көздүн карегиндей сактоого шарт түзүлөт. Бул да биздин жетишкендигибиз", - деди ал.

7-октябрдан 13-октябрга чейин Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун жолугушуусу болуп, анда делегациялар чек аранын калган тилкелерин талкуулоону улантышты. Тажикстанда өтө турган кийинки жыйында иш уланат.

Буга чейин 1-октябрда Кыргызстан менен Тажикстандын делегацияларын жетектеген Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Согди облусунун Бустон шаарында жолугуп, чек ара тилкесин өткөрүү маселесин талкуулашкан. Делегациялардын башчылары жумушчу топторго конкреттүү тапшырмаларды беришкен.

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы жалпы чек аранын узундугу 972 чакырымды түзөт. Июль айында Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Хожазода чек аранын 94 пайызы такталганын билдирген. Талаштуу аймактар ​​болжол менен 6 пайызды же 58-59 чакырымды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан