Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-16-октябрда иш сапар менен Пакистандын Исламабад шаарына барат.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлагандай, иш сапардын алкагында Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышат.
Мындан тышкары эки тараптуу бир катар жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.