Япониянын борбору жана эң ири шаарында эс алуу боюнча чемпиондук өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда катышуучулар 90 мүнөт эч нерсе кылбашы керек. Адамдарга сүйлөшүүгө, күлүүгө жана уктоого тыюу салынган.
"Жеңүүчүлөр эң туруктуу жүрөк кагышы жана көрүүчүлөрдүн эң көп добушу менен аныкталды", - деп айтылат маалыматта.