Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти болуп Кылычбек Рысалиев дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 15-октябрда маалымдады.
Белгилүү болгондой, Рысалиев башкаруу багыты боюнча магистр даражасына ээ. Президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөн.
Рысалиев Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунда 2022-жылдан бери иштейт. Анда ал долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, Фонддун долбоорлорду башкаруу башкармалыгынын жетекчиси жана 2024-жылдын башында эки ай бою фонддун президентинин милдетин аткаруучу болгон.
Эске салсак, буга чейин аталган кызматты Кудрет Тайчабаров аркалаган.