Жогорку Кеңештин бүгүн, 16-октябрдагы отурумунда депутат Айбек Маткеримов телефон алдамчылары тууралуу маселе көтөрдү.
Ал билдиргендей, акыркы кезде эл өкүлүнүн дарегине телефон алдамчыларынан жабыркаган жарандардан кайрылуулар көп келип түшкөн.
"Телефондогу алдамчылар өтө көбөйүп кетти. Бүгүнкү күндө менин атымдан дагы расмий түрдө телеграм канал ачып алып, сүрөттөрүмдү коюп, кесиптештериме, башка мени тааныган жарандарга акча суроо жүргүзүп жатыптыр. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү телефондогу алдамчылык менен күрөшпөсөк болбой калды. Бизге көптөгөн жарандардан алдануу боюнча кайрылуулар түшүп жатат", - дейт эл өкүлү.